Ноокен районунда, ошондой эле Майлуу-Суу жана Кочкор-Ата шаарларында «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчиси Талант Мамытовдун визити болду. Ал селдердин кесепеттери менен таанышып, табигый кырсыктан жабыркаган тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сапар учурунда депутат суу каптаган аймактарды карап чыгып, кесепеттерин жоюу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен маселелерди талкуулады. Мостторду, ирригациялык системаларды, ички жолдорду калыбына келтирүү жана турак үйлөргө келген зыяндарды жоюу негизги көңүл борборунда болду.