№27 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан акын Аскат Жетиген өзүнүн жактоочусуна кат жазып, абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканына жана жеке өзүнүн укуктары чектелип жатканына даттанды.15-июлда жазылган катты укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова акындын адвокатынан алганын айтып, “Азаттыкка” жиберди.Өз катында Аскат Жетиген өзү кармалып жаткан абакта адам укуктарына каршы аракеттер болуп жатканын билдирди:“Мекеме кызматкерлеринин көбүнүн соттолгон жарандарга...