Эң мыкты жаштар долбоорлору мамлекеттен 200 миң сомго чейин каражат алышат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги «Мамлекеттик колдоо жаштардын демилгелерине мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык» темасындагы конкурсту жыйынтыктады. Бул тууралуу ведомство билдирет. Конкурс жаштардын патриотизмге, жарандыкка, руханий жана моралдык баалуулуктарга, ошондой эле алардын интеллектуалдык, чыгармачылык жана физикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү долбоорлорду ишке ашырууга арналган.

11-июлда өткөн конкурс комиссиясынын жыйынында он долбоордун жеңүүчүлөрү аныкталды. Ар биринин идеяларын ишке ашыруу үчүн 200 миң сомго чейин финансылык колдоо алат.