
Чүй облусунун Аламудун районунун Баатыр айылдык аймагында жайгашкан Байтик айылында жаңы ичүүчү суу системасын түзүү боюнча иштер башталды. Аталган долбоор айыл чарба министрлиги тарабынан демилгеленип, жергиликтүү тургундарды заманбап санитардык стандарттарга жооп берген сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган.
Учурда ички тармактын 7 000 метр узундуктагы трубопроводун орнотуу иштери аякталды. Суу камсыздоо системасынын эффективдүү иштеши жана жөнгө салынуусу үчүн 11 куб метр көлөмдөгү бекем темир-бетон кудуктары орнотулду.