
Мобилдик колдонмо «Цифровая граница» эки негизги бөлүмдү камтыйт — жарандар үчүн жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн. Бул тууралуу биринчи орун басары жана ГЧКнын Башкы штабынын начальниги Мирзамир Сыдыков «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.
Сыдыковдун айтымында, жаңы колдонмо Чек ара кызматына маалыматтарды талдоо мүмкүнчүлүгүн берет, бул чек араны кесип өтүү процедураларын жөнөкөйлөтүүгө, кезектерди кыскартууга жана өткөрүү пункттарында кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берет.