Башкы башкармалыктын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматкерлери Бишкектеги жолдордо жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин аймагында текшерүүлөрдү өткөрүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.
Түнкүсүн жол белгилерин, сигналдык жарыктарды жана башка коопсуздук каражаттарын орнотууга өзгөчө көңүл бурулууда. Текшерүүлөрдүн натыйжасында подряддык уюмдарга аныкталган бузууларды жоюу тапшырылды.