Украинанын Одесса шаарында Орусиянын соккусунан үч адам каза таап, дагы үчөө жараат алганын жергиликтүү администрациянын башчысы Сергей Лысак 15-июлда билдирди. Жабыркагандар орточо оор абалда ооруканага жеткирилгени маалымдалды.Лысактын айтымында, 14-июлдун кечинде орус аскерлери шаарга бир нече жолу сокку урду.Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, бул жолу Орусия Х-59/69 башкарылуучу ракеталарынан экини жана дрондон 122ни учурду, учкучсуз учактардын 101и атып түшүрүлдү....