
АКШ жана Иран төртүнчү түнү подряд сокку алышып жатат. АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командасы (CENTCOM) Ормуз булуңунда жана иран жээгинде көптөгөн аскерий объектилерге сокку урулганын билдирди. Жети саатка созулган операциянын жүрүшүндө америкалык жоокерлер, дрондор жана деңиз күчтөрү ирандык ракета позицияларын, дрон базаларын жана жээк коргоо системаларын чабуулга алышты.
Бул аракеттерге жооп катары Иран Перс булуңундагы АКШ базаларына сокку урулганын билдирди. Ислам революциясынын коргоочулары корпусу (КСИР) америкалык армиянын камсыздоо объектилерине Кувейтте, Бахрейндеги Бешинчи флоттун базаларына жана Иорданиядагы америкалык базага чабуул жасаганын билдирди.