Чолпон-Атада ШОС өлкөлөрүнүн артисттеринин катышуусунда гала-концерт өтөт
Чолпон-Атадагы Чингиз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда 18 жана 19-июлда искусство усталарынын концерти жана Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн чыгармачыл жамааттарынын катышуусунда гала-концерт өтөт. Иш-чара Кыргызстан Республикасынын төрагалыгы астында өтүп жаткан бул мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-отурумунун маданий программасынын алкагында уюштурулган.

Министрликтин маалымат кызматынын сүрөтү. Чолпон-Атадагы Чингиз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда 18 жана 19-июлда концерттер өтөт