Мамлекеттик чек ара кызматы, “Укук” мамлекеттик мекемеси жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мекемелери чек ара процесстерин санариптештирүү максатында Кыргызстанда “Санарип чек ара” мобилдик тиркемесин иштеп чыгып, колдонууга киргизди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.Мобилдик тиркеме чек арадан өтө турган адамдарга сапар алдында актуалдуу жана ишенимдүү маалымат берүү максатын көздөйт. Аны жүктөп алган колдонуучу өткөрмө пункттарынын абалын, иштөө...