


Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү Бакыт Торобаев суу чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо боюнча жыйын өткөрдү. Жыйында «Кыргызсуу долбоору» мамлекеттик мекемеси тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлордун учурдагы этаптары, ошондой эле суу чарба объекттерин долбоорлоо, куруу жана реконструкциялоо маселелери талкууланды. Суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана туруктуу айыл чарбасын камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.
2030-жылга чейин 106 жаңы суу сактагычтын курулушу жана учурдагы суу чарба инфраструктурасынын объекттерин модернизациялоо пландалууда. Бул долбоорлор айыл чарба өндүрүүчүлөрдү туруктуу сугат менен камсыздоого, айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган.
Суу менен камсыздоо маселелерин чечүүгө комплекстүү мамиле айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн 70% га чейин жогорулатууга, фермерлер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, региондордун экономикалык активдүүлүгүн стимулдаштырууга жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Ишке ашырылып жаткан иш-чаралар мамлекет башчысынын тапшырмаларына ылайык келет жана Кыргызстандын суу коопсуздугун чыңдоого, агрардык секторду өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык прогресси үчүн багытталган.