«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Malva Tour туристтик оператору менен өнөктөштүктө бүгүн Тамчы — Ташкент — Тамчы маршруту боюнча биринчи түз рейсин ишке ашырды. Учуу жумасына бир жолу жүргүзүлөт.
Авиакомпаниядан билдиришкендей, туруктуу рейстер жума күнү жүргүзүлөт, ал эми учуу убактысы болжол менен 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Бул жүргүнчүлөргө Иссык-Көл жээгине алмаштыруусуз ыңгайлуу жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.