
Эл аралык базарларда нефть баалары өсүүдө. Лондондук ICE (InterContinental Exchange Futures) биржасында Brent маркасындагы нефтьтин баррели 0,41 долларга көтөрүлүп, 85,14 долларды түздү. Ошол эле учурда Нью-Йорктогу NYMEX (New York Mercantile Exchange) биржасында Light маркасындагы нефтьтин баррели 0,22 долларга кымбаттап, 79,56 долларды түздү.