Кыргызстанда чет элдик инвесторлорго шарт түзүү боюнча жерди пайдаланууга берүү жол-жобосу өзгөрүүдө. Өкмөт коомдук талкууга чыгарган долбоордо жерди 50 жылга ижарага берүү, аны күрөөгө коюуга уруксат жана бул боюнча чечим кабыл алууда жергиликтүү бийликке кошумча укуктар каралган.