Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалымат бөлүмү №27 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан акын Аскат Жетигендин 15-июлдагы катына байланыштуу жооп жазып, андагы айыптоолорду төгүндөдү. Мекеме билдирүүсүн “Азаттыкка” жиберди.“№27 түзөтүү мекемесинде тигүү өндүрүшүндө иштеген соттолгондор “жети айдан бери эмгек акы албай жатат” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мекеменин тигүү цехинде соттолгондор өз каалоолору менен жеке арыздарынын негизинде эмгектенишет жана эмгек акысы өз...