
Укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова социалдык тармактарда акын Аскат Жетигендин адвокатына жөнөткөн катын бөлүштү. Бул катта Жетиген өзүнүн жазасын өтөп жаткан түзөтүү колониясында болуп жаткан мыйзам бузуу фактылары тууралуу билдирет.
Ал өзүнүн кайрылуусунда мекеменин кызматкерлеринин тараптан соттолгондорго карата адамгерчиликке жатпаган мамиле жана намысты тебелөө тууралуу айтып берет.