14-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда жол кырсыгы болуп, анын натыйжасында жеңил автоунаанын айдоочусу каза болду.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кагылышуу Toyota Prado жана Volkswagen Crafter унааларынын ортосунда Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 221-километрине орун алган.