Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы такталган соң эки өлкө ортосундагы жер алмашуу айрым тургундардын тагдырына да таасирин тийгизди. Баткендин Лейлек районунун тургуну Ыхыбал Абдувалиева жер алмашуудан улам үй-жайсыз калганын айтууда. Анын айтымында, Кайрагач участкасындагы төрт бөлмөлүү үйү мурда Тажикстандын балансында болуп, кийин кыргыз тарапка өткөрүлгөн. Бирок ал кыргыз жараны болгонуна карабай өзү үйгө ээлик кыла албай калганын билдирет. Учурда ал Бишкекте батирде жашап, күнүмдүк...