
Учактар аптасына бир жолу учуп турат
15-июлда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкент – Тамчы – Ташкент маршруту боюнча түз рейстин биринчи сезону салтанаттуу түрдө ачылды. Жаңы маршрут мамлекеттик авиакомпания «Асман Эйрлайнс» тарабынан «Malva Tour» туристтик оператору менен кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.
Бул рейстин пайда болушу жайкы туристтик сезон үчүн маанилүү учур болуп, Узбекистандык жарандарга жана туристтерге Ысык-Көлдүн кооз жээгине жетүүнүн дагы бир ыңгайлуу жолун сунуштады.
Рейстер аптасына бир жолу, шаршемби күндөрү жүргүзүлөт, ал эми жолдо жүрүү убактысы болжол менен 1 саат 20 мүнөттү түзөт, бул ылдам жана ыңгайлуу саякатты камсыздайт.
Жаңы маршруттун ишке кириши Кыргызстан менен Узбекистан ортосундагы авиажолду өнүктүрүүгө, ошондой эле туристтик жана бизнес байланыштарды бекемдөөгө, Ысык-Көл аймагынын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Сүрөт www