Транспорт жана байланыш министрлиги Жол чарба департаменти аркылуу бетон аралаштыргыч узел (БАУ) жана таш майдалоочу станция үчүн жабдууларды долбоорлоо жана жеткирүү боюнча тендерди баштады. Негизги максат — монтаждоо жана ишке киргизүү үчүн зарыл болгон иштерди камсыздоо.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына ылайык, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 35 миллион сом бөлүнгөн.