Чолпон-Атада 14-15-июлда коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү боюнча эки күндүк ведомстволор аралык машыгуу өткөрүлдү. Иш-чара VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык алкагында өткөрүлүп, ар кандай ведомстволордун, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жана мамлекеттик мекемелердин адистерин чогултту.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат борборунун маалыматына ылайык, машыгуунун катышуучулары шарттуу инфекциялык оору чыккан учурдагы аракеттерди иштеп чыгышты. Программага коркунучту эрте аныктоо, ведомстволор аралык координация, эпидемияга каршы иш-чаралар, медициналык жардам көрсөтүү, лабораториялык диагностика жана кризистик коммуникация этаптары кирди.








Машыгуунун сценарийи эл аралык чоң иш-чара учурунда курч ичеги оорусунун жана белгисиз этиологиядагы учурлардын жарым-жартылай моделин камтыды. Практикалык бөлүгү Кырчын капчыгайында жана Ысык-Көл районундагы жалпы практикалык борбордун инфекциялык бөлүмүндө өткөрүлдү. Машыгуу аяктагандан кийин дебрифинг өтүп, адистер катышкан кызматтардын аракеттерин баалап, системанын күчтүү жактарын белгилеп, мындан аркы жакшыртуу үчүн багыттарды аныкташты.