Россияда мигранттар үчүн мобилдик телефон сатып алуу милдеттүү талап катары киргизилет, бул бийликке алардын жайгашкан жерин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министринин орун басары Игорь Зубов "Медуза" басылмасы аркылуу маалымдады.

Расмийдин айтымында, өлкөдө узак мөөнөткө калууну же иштөөнү пландаган ар бир мигрант каттоодон өтүп, өзүнүн электрондук профилин камтыган телефон сатып алууга милдеттүү болот. Бул бийликке мигранттардын кыймылын көзөмөлдөп, шаарлар арасында көзөмөлсүз көчүп кетүү мүмкүнчүлүгүн жоюуга жардам берет.