Казакстанда жана Кыргызстанда Панфиловдук дивизиянын 85 жылдыгы белгиленди
11-июлда Алматы жана Балыкчы шаарларында белгилүү бөлүктүн юбилейине арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Акциянын катышуучулары Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москваны баатырдык менен коргогон панфиловчу жоокерлердин элесин эскеришти.

Кыргызстандагы майрамдын борбору Балыкчы шаарында жайгашкан 20636-аскер бөлүгү болду. Иш-чарага КРнын коргоо министри Руслан Мукамбетов, Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев, мамлекеттик органдын кызматкерлери, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, учурдагы аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү катышты.