14-июлда Кочкор районунда жол кырсыгы болуп, анын натыйжасында бир адам каза болду.

Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка ылайык, кырсык Түндүк - Түштүк альтернативдүү трассасында орун алган, анда эки транспорт каражаты — Toyota Prado жана Volkswagen Crafter кагышкан.