Кыргызстандын валовой ички өнүмү 2026-жылдын биринчи жарымында алдын ала маалыматтар боюнча 960 миллиард сомду түздү, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 11,9% га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

2026-жылдын январь-июнь айларында өндүрүш продукциясынын көлөмү 450,4 миллиард сомду түздү. Физикалык көлөмдүн индекси 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырганда 112,7 пайызды түздү.