Кыргызстандын жаштар волейбол командасы (U-18) 16-июлда Кытайда өтүп жаткан Азия чемпионатында оюн өткөрөт. Бакыт Алиев жетектеген команда топтук этапта төртүнчү орунду ээлеп, эми турнирдеги 9-16 орундар үчүн күрөшөт.
Алгачкы беттешинде кыргызстандыктар А тобунда үчүнчү орунду ээлеген индонезиялык волейболчулар менен жолугушат. Оюн Бишкектин убактысы боюнча 8:30да башталат.