Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов 15-июлда орус өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен «ВТБ Медицина» ААКсы ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул документ саламаттык сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, меморандумга Дамир Осмонов жана «ВТБ Медицина» ААКсынын башкы директору Сергей Нечаев кол коюшту. Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Сергей Вакунов, Орусиянын соода өкүлү Айнур Саманов, Россотрудничество уюмунун орун басары Кирилл Богомолов, Бишкектеги Орус үйүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев жана компаниянын Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Александр Евстюнин катышты.