Россияда эмгек мигранттарына өздөрүнүн кыймылдарын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген тиркеме орнотулган мобилдик телефон сатып алуу милдеттүү талап катары киргизилет. Бул жаңылык Россиянын Ички иштер министрлигинин орун басары Игорь Зубовдун Федерация Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында жарыяланды.

Зубовдун айтымында, өлкөдө катталган ар бир мигрант, өзгөчө узак мөөнөткө, электрондук профили бар телефон сатып алууга милдеттүү болот. Бул анын жайгашкан жерин көзөмөлдөп, калктуу пункттар арасында көзөмөлсүз кыймылдарды чектөөгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, бул түзмөктөргө мамлекеттик органдардан билдирүүлөр келип турат, анын ичинде документтердин мөөнөтү аяктагандыгы тууралуу эскертүүлөр жана белгилүү мекемелерге барышы керектиги тууралуу маалыматтар.