ЧМ-2026: Аргентина Англияны жеңип, финалга чыкты
Англиянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын финалына чыга алган жок, жарым финалда аргентиндерге 1:2 эсебинде утулду. Оюн шаршемби күнү өтүп, эки күчтүү команданын кызыктуу кармашына айланды, деп билдирет "Русская служба Би-би-си".

Оюн башталгандан тартып англиялыктар атаандаштарын активдүү кысымга алышып, биринчи жыйырма мүнөттү Аргентина талаасында өткөрүштү. Бирок андан кийин алардын темпи төмөндөп, аргентиндер Джордан Пикфордун дарбазасына жакын келе башташты.