16-июлда Бишкек шаардык соту абактагы ишкер, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин кароону улантты. Бул тууралуу отурумга катышып жаткан "Азаттыктын" кабарчысы билдирди. Жараян ачык өтүүдө. Бүгүн өкүм чыгары күтүлүүдө. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 25-июлда Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.Адвокат райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз жазган. Жактоочу иш райондук сотто каралып жатканда...