Кыргызстан жана Россиянын өкүлдөрү эмгек миграциясына даярдык маселелерин талкуулаган жолугушуу өткөрүштү. Талкуунун темасы рыноктун талаптарына жооп берген адистерди эффективдүү даярдоо механизмдери болду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, көзкарандысыз сертификаттоо жана валидация борборунда өттү.
Тараптар квалификациялуу кадрларды даярдоо, чет өлкөгө иштөөгө чыгып жаткан жарандар үчүн профессионалдык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, ошондой эле адистердин даярдык деңгээлин баалоонун маанисине көңүл бурушту.