Министрликтин табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл боюнча комиссиясы Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда лицензияга чейинки көзөмөл жүргүзүп, ОсОО «Фулл Голд Майнинг» жана ОсОО «Эти Бакыр Терексай» кен казуу компанияларын коркунучтуу калдыктарды, айрыкча шламды сактоо нормаларына ылайыктыгын текшерди.

Текшерүүнүн максаты шламдык чарбаны пайдаланууда экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу талаптарына жооп берүүнү камсыз кылуу, ошондой эле зарыл болгон долбоордук уруксат берүү жана лицензиялык документтердин болушун текшерүү болду.