Кыргызстанда 2023-жылдын январь айынан май айына чейинки мезгилде орточо айлык номиналдык эмгек акы 51 миң 888 сомду түздү, деп билдирди Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов. Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 25 пайызга жогору.
Статистика көрсөткөндөй, эмгек акылардагы эң чоң өсүш искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, ошондой эле саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү тармактарында байкалууда. Билим берүү, айыл чарба, орман чарба жана балык уулоо тармактарында да өсүш катталган. Мындан тышкары, суу камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра иштетүү тармактарында да эмгек акылардын жогорулашы байкалууда.