Нидерландда 900дөн ашык адам экстремалдуу ысыкта каза болду

Нидерланддын бардык аймагында, айрыкча түштүк жана чыгыш региондорунда, температура рекорддук деңгээлге жеткенде, өлүмдүн жогорулаган деңгели катталды. 22-июндан 5-июлга чейин өлкөдө болжолдонгондон 900 адам көп каза болду, бул тууралуу Улуттук коомдук саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрө институтунун (RIVM) маалыматы көрсөтүүдө.

Өлүмдүн жогорулашынын так себептери белгисиз болсо да, адистер экстремалдуу ысыктын маанилүү роль ойногонун болжолдошууда. Каза болгондордун көбү 80 жаштан ашкан адамдар, алар жогорку температуранын терс кесепеттерине көбүрөөк дуушар болушат, анткени органдардын иштеши начарлап, тер бөлүү азайып, суусуздануу коркунучу жогорулайт. Ошондой эле, жүрөк, кан тамырлары жана өпкө оорулары менен жабыркаган бейтаптар тобу да коркунучта, анткени ысык алардын симптомдорун начарлатышы мүмкүн.