Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасынын негизинде Бишкек шаарындагы курулуш объекттерине рейд жүргүзүлүп, 18 компаниянын курулуш объекттериндеги иштер убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бир катар объекттердин айланасындагы көрктөндүрүү иштерин уюштуруу талаптарынын сакталбаганы аныкталды.Тактап айтканда, курулуш аянтчалары тиешелүү...