Жаңы Балыкчы - Кочкор темир жол линиясы боюнча жолду түздөө жана бекитүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу «НК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы маалымдады. Ишкананын адистери поезддердин кыймылын коопсуз жана эффективдүү кылуу үчүн биринчи жолу «Казахстан темир жолы» акционердик коомунун берген ВПО-С атайын машиналарын колдонууда.

Бул техниканы колдонуу жолду түздөө, бекитүү жана акыркы стабилизациялоо боюнча толук спектрдеги иштерди аткарууга мүмкүндүк берет, бул жаңы линиянын курулушунун акыркы этаптарынын бири болуп саналат. Жогорку өндүрүмдүүлүккө ээ машина жолдун геометриясынын тактыгын камсыз кылып, кыймыл коопсуздугун кыйла жогорулатат жана иштерди тездетет.