16-июлдан 19-июлга чейин Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн Эл аралык кинофестивалы өтүп жатат, бул уюмдун 25 жылдыгына жана Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгына арналган. Бул иш-чара кино тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана катышуучулар арасында маданий алмашууга багытталган.

Фестиваль Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кино департаменти тарабынан уюштурулуп, Маданият министрлиги жана өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.