Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева Токмок шаарындагы психоневрологиялык социалдык стационар №1 кызматкерлеринин кызматтык үйүнүн канализация маселесин чечүү боюнча Министрлер Кабинетине кат жөнөттү. Бул кайрылуунун себеби, иштебеген система себептүү антисанитардык шарттарда жашоого мажбур болгон кызматкерлердин арыздары болду.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин жүргүзгөн текшерүүсүндө, эки кабаттуу кызматтык имараттын подвалын канализациялык сууга толуп калгандыгы аныкталды. Биринчи кабаттагы батирлер нымдуулук жана көгөрүү маселесинен жабыркаган, түтүктөрдүн абалы начар, ал эми жайларда жагымсыз жыт байкалат.