
Жолугушуу учурунда Чанша Эл өкмөтүнүн тышкы иштер башкармалыгынын орун басары Дуань Хайбо Бишкек менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыгуусун билдирди. Иманалиев шаарлардын туугандык мамилелерин орнотуу достук байланыштарды бекемдөөнүн жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүү кадамы болоорун баса белгиледи.