Зеленский Радага Корецкийди Украина премьер-министри кызматында көрсөттү

Украина президенти Владимир Зеленский Жогорку Радага Сергей Корецкийди премьер-министрликке дайындоо боюнча сунуш киргизди. Бул тууралуу 16-июлда парламенттин спикери Руслан Стефанчук билдирди.

14-июлда Жогорку Рада Юлия Свириденкону кызматтан кетирүү чечимин кабыл алды, бул автоматтык түрдө бүт өкмөттүн кызматтан кетишине алып келди. Свириденко 2025-жылдын 17-июлунан бери премьер-министр болуп иштеп келген.