Жаштар арасындагы Азия чемпионатында, Индонезияда өтүп жаткан бокс боюнча, бүгүн, 16-июлда, финалдык беттештер өтөт. 23 жашка чейинки спортчулар катышкан турнири өлкөнүн борбору Джакартада өтүүдө. Кыргызстан командасынын курамында 13 боксчу бар, алардын экөө финалга чыгууга жетишти.

Турнирдин алтын медалдары үчүн Алмаз Орозбеков жана Мырзакир Кошалиев күрөшөт. Финалдык беттештер Бишкектин убактысы боюнча 11:00дө башталат. Мындан тышкары, финалга жетпеген дагы беш кыргызстандык спортчу жарым финалдык беттештерде жеңилип, коло медалдарды утуп алышты.