ЧМ-2026. Суперкомпьютер Opta келечектеги финалдын негизги фаворитинин атын атады
Статистикалык платформа Opta Sportsтун суперкомпьютери 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун финалдык оюнуна Испания курамасынын фаворит болоорун болжолдоду. Испаниянын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү 56,37 пайыз деп бааланууда, ал эми учурдагы дүйнө чемпиону Аргентина курамасынын мүмкүнчүлүгү 43,69 пайызды түзөт.

Испания үчүн бул 2010-жылдан бери дүйнө чемпиондугунун финалына биринчи жолу чыгуу болот, ошол жылы команда чемпиондук титулду жеңип алган. Бул жолу испан курамасы финалга чыгуу үчүн Францияны жеңүүгө жетишти.