
Ноокен районунда абаны коргоо боюнча рейд учурунда үч айдоочуга жалпы 22,5 миң сом айып салынды. Иш-чара Бишкек - Ош автожолунда өттү жана экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматкерлери менен райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин биргелешип уюштурулган.