Хирургдар маткасыз жана вагинанын бир бөлүгү жок бейтапка пластикалык операция жасашты
Мамлекеттик перинаталдык борбор НЦОМиДде Рокитанский - Кюстнер синдрому менен жабыркаган пациентке модификацияланган реконструктивдик-пластикалык операция ийгиликтүү аяктады. Бул маалымат Кыргыз медициналык ассоциациясынын социалдык тармактардагы баракчасында жарыяланды.

Операцияны профессор А. Аскерованын жетекчилиги астында гинеколог-хирургдардан турган команда жүргүздү. Бригаданын курамына методиканын автору Т. Муратов, ошондой эле жардамчылар У. Сатаров жана А. Таалайбекова кирди.