Франциянын Авиньон шаарында кыргыз делегациясынын мэри Оливье Гальзи менен Avignon Off фестивалынын алкагында жолугушуусу өттү. Делегацияны Франциядагы Кыргызстан элчиси Садык Шер-Нияз жетектеп, мэрге жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди жана эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Гальзиге 2027-жылы Бишкекте өтө турган «Арт-Ордо» Эл аралык фестивалына катышуу үчүн чакыруу берди, ошондой эле VI Дүйнөлүк кочевниктер оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүн сунуштады.