Нарында дарыядан аялдын денеси табылды
Бүгүн Нарын облусунда куткаруучулар дарыядан сууга түшүп кеткен аялдын денесин чыгарышты. Окуя тууралуу маалыматты облустук МЧС башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда каза болгон аялдын жеке башын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө, ал эми дене ички иштер органдарына экспертизаларды өткөрүү үчүн өткөрүлдү.
МЧСтин сүрөтү
МЧСтин адистери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарандарды суу сактагычтардын жанында этият болууга чакырышты жана коопсуз, атайын жабдылган жерлерде гана сууга түшүүнү сунушташты. Ошондой эле, күчтүү агымдары бар дарыяларда жана башка кооптуу аймактарда болуу өмүргө чоң коркунуч туудураарын эске салды.