Россия Киевге ракеталык сокку уруп, эки адам өлдү

16-июлга караган түнү орус куралдуу күчтөрү Киевге ракеталык сокку урушту, натыйжада эки адам каза болуп, дагы алты адам жаракат алды, деп билдирди шаардык аскердик администрациянын башчысы Тимур Ткаченко. Киевдин мэри Виталий Кличко курмандыктар жана жабыркагандар тууралуу маалыматты тастыктады.

Соккулар Украина баш калаасынын эки районуна тийди. Дарницкий районунда жашоого жараксыз имаратта өрт чыкты, ошондой эле токтотулган жүк унааларында жана складда от жанып кетти. Святошин районунда да складда от жанып кеткени катталды, бардык өрттөр куткаруучулар тарабынан өчүрүлдү.