Талас облусунда регионалдык башкармалыктын адистери Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ондатра жана сурктарды эсепке алуу иштерин жүргүзүштү. Бул маалымат ведомствонун пресс-кызматы тарабынан таратылаган.
Иш-чаралар "Беш-Таш" мамлекеттик табигый паркында, ошондой эле Бакай-Ата районундагы Уйурмарал жана Айтматов районундагы Кара-Буура жана Шилби жерлеринде өткөрүлдү.