Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Франциянын өлкөдөгү элчиси Николай Фай менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Франциянын медицина тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча маанилүү маселелер жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр талкууланды. Негизги көңүл медициналык кадрларды даярдоо, тажрыйба алмашуу жана жаңы технологияларды киргизүү, ошондой эле эки өлкөнүн профилдик мекемелери арасында өз ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө бөлүндү.

Осмонов өзүнүн мекемеси эл аралык кызматташтыкты жогору баалаарын, ал медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга жана адистердин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасына дүйнөлүк практикаларды киргизүүгө жардам берерин белгиледи.