ОДКБда 8 миңден ашык курал алынганы жана 46 террордук актынын алдын алганы тууралуу маалымдалды

Москвада 15-июлда «Ортолук Азияда террорчуларга курал жеткирүүнү токтотуу боюнча потенциалды жогорулатуу» аттуу жогорку деңгээлдеги аймактык жыйын өттү. Иш-чараны ООНдун Терроризмге каршы башкармалыгы орус тараптын колдоосу менен уюштурганын ОДКБнын маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга ООНдун Терроризмге каршы башкармалыгынын убактылуу генералдык катчысынын орун басары Александр Зуев жетекчилик кылды. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун атынан саламдашуу сөзүн Россиянын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Дмитрий Любинский айтты.